Кытайда коронавирустан өлгөндөрдүн саны 300 адамга жетти

Кытайда коронавирустан өлгөндөрдүн саны 300 адамга жетти

Кытайда коронавирустан өлгөндөрдүн саны 304 адамга жетип, вирусту жугузгандардын саны 14 миңден ашты. Бул тууралуу Кытайдын саламаттык сактоо тармагы билдиргенин «Азаттык» жазды.

Маалыматка караганда, вирус Кытайдан башка мамлекеттерге да тез тарап жатат. Соңку эки күндө Орусияда, Улуу Британияда жана Швецияда вирусту жугузган адамдар катталды. Коронавирустун жайылышынын алдын алыш үчүн АКШ жана Австралия соңку эки аптада Кытайда болгон адамдардын өлкөгө киришине убактылуу тыюу салды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 1-февралда билдирүү таратып, бардык мамлекеттерди жер-жерлерде коронавирустун жайылышына даяр болууга чакырган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>