Кытайда соңку төрт күндөн бери коронавирустан өлгөн кишилердин саны азайды

Кытайда соңку төрт күндөн бери коронавирустан өлгөн кишилердин саны азайды

Кытайда соңку төрт күндөн бери коронавирус инфекциясынан өлгөн кишилердин саны азайды. Кытай бийлигинин маалыматына караганда, акыркы суткаларда 105 бейтап көз жумган. Ишембиде COVID-19 инфекциясынан 140 адам жарык дүйнө менен кош айтышканы кабарланган.

Ошол эле маалда мурдагы күндөргө салыштырмалуу инфекцияны жуктаргандардын саны 5 пайызга көбөйдү. Алардын 90 пайызы Хубэй провинциясынын Ухань шаарына туура келет.

Жалпысынан Кытайда 70 548 киши инфекцияны жуктуруп, 1770ү өлдү. Дээрлик 11 миң адам айыкты. Кытайдан башка мамлекеттерде коронавирусту 778 киши жуктурган. Жапония, Гонконг, Франция, Тайвань жана Филиппинде бирден киши набыт болду.

Кытайдагы эң ири фармацевтикалык компаниялардын бири Zhejiang Hisun Pharmaceutical вируска каршы «Фавипиравир» (Favipiravir) аттуу препаратты сатууга уруксат алганын маалымдады. Клиникалык сыноого 70 киши катышкан, бул дары башкаларга салыштырмалуу эффективдүү экени аныкталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>