Кытайда тарап жаткан жаңы вирусту жуктуруп алгандагы алгачкы белгилер айтылды

Кытайда тарап жаткан жаңы вирусту жуктуруп алгандагы алгачкы белгилер айтылды

Учурда расмий маалымат боюнча Кытайда өпкөнү сезгенткен короновирус 571 адамга жугуп, анын ичинен 17си көз жумду. Алардын баары Кытай жарандары болгон. Андан сырткары, бул вирусту жуктургандар Түштүк Кореяда, Японияда, Таиландда, АКШда да аныкталган.

Окуя Кытай бийлигинин көзөмөлүндө.

Кыргызстан Кытайда тарап жаткан, өпкөнү сезгенткен вируска каршы туруу боюнча иш-аракеттерди баштады. Өлкөдө бул вирусту жуктургандар катталган жок.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанга Кытайдан келгендер үчүн чек арадагы өткөрмө бекеттеринде санитардык көзөмөлдү күчөттү.

Белгилей кетсек, учурда Кытайдын борбордук бөлүгүндөгү Ухань шаарына жаныбарларды алып кирүүгө тыюу салынды. Вирус алгач ушул аймактан тараган.

Ухань шаарынын жашоочуларын маска кийип жүрүү сунушталып , коомдук жайларга жана эл көп чогулган жерлерге барбоо керектиги айтылды. Кытай бийлиги аталган вирус адамдан адамга жугарын тастыктаган.

Вирусту жуктургандарга певмония симптомдору коюлууда: дене табынын жогору болушу, жөтөл жана дем кыстыгуу. Азырынча жаңы вируска каршы вакцина жок. Дарыгерлер оору жуктурган адамдарды симтоматикалык жана колдоо терапиясы менен камсыздай алышат.

Дүйнөлүк салматтык сактоо уюму жаныбарларды кармабоону, колду таза жууп, этти дыкат кууруп, жумуртканы жакшылап кайнатууну, ооруну жуктуруп алгандардан оолка болууну сунуштайт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>