Кытайдан келген бардык жарандар дарыгерлердин көзөмөлүндө болот

Кытайдан келген бардык жарандар дарыгерлердин көзөмөлүндө болот

Кытайдан келген бардык жарандар кошумча текшерүүдөн өтүп, дарыгерлердин гана көзөмөлүндө болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министирлиги билдирет.

Министрликтин маалыматына караганда, азыркы тапта өлкө аймагында коркунучтуу вирусту жугузуп алгандар катталган жок.

Өлкө аймагына сырттан кирген бардык адамдар тепловизордун көзөмөлүнөн өткөрүлүүдө. Акыркы суткада эле 25 миңден ашууна адам өлкөгө кирген.

Ал эми 13-феварлда Пекин—Алматы каттамы аркылуу Кыргызстанга келген студенттер текшерүүдөн өтүп, карантинден өткөрүү үчүн убактылуу пункттарга жөнөтүлгөн.

Соңку маалыматка караганда, Кытайда вирусту жугузуп алгандардын саны 60 миң адамдан ашып, 1488 адам  жашоо менен кош айтышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>