Кытайдан келген гумжардам республиканын түштүгүнө жөнөтүлдү

Кытайдан келген гумжардам республиканын түштүгүнө жөнөтүлдү

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн Кытайдан келген гумжардам республиканын түштүгүнө жөнөтүлдү. Бул тууралуу штабдан маалымдашты.

Саламаттык сактоо министрлиги  келген гуманитардык жардамды бөлүштүрдү. Бир жолку комбинезондордон, медициналык көз айнектен, бир жолку стерилдүү желим хирургиялык кол каптардан жана бахилалардан турган топтомдор, 200 комплекттен Ош шаарына, Жалал-Абад шаарына, Ноокат, Сузак жана Ала-Бука райондорундагы медкызматкерлерге берилди.

Ошондой эле 300 даана инфракызыл термометрлер Ош шаарына жана Ош облусуна, Жалал-Абад облусуна – 200 жана Баткен облусуна – 100 даана берилди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>