Кызыл-Кыяда адам өлтүргөн жаран кармалды

Кызыл-Кыяда адам өлтүргөн жаран кармалды

Кызыл-Кыя шаарынын 29 жаштагы тургуну адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, 22-февраль күнү белгисиз адамдын сөөгү шаардагы аллеядан табылган. Маркум 52 жаштагы Кызыл-Кыя шаарынын тургуну экени аныкталган.

Бул факты “киши өлтүрүү” беренеси боюнча бирдиктү реестрге катталып, иликтөө иштери башталган. Кылмышка шектелген 29 жаштагы М.У. аттуу жаран үйүндө жашырынып жаткан жеринен колго түшкөн.

Бүгүнкү күндө кылмышка шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүзүлүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>