Лагерде 2 адамды өлтүрүп качып кеткен шектүүгө эл аралык издөө жарыяланды

Лагерде 2 адамды өлтүрүп качып кеткен шектүүгө эл аралык издөө жарыяланды

Ысык-Көл облусундагы «Хан-Теңири» лагериндеги 2 адамдын өлүмүнө шектелип жаткан Сергей Смирновго эл аралык издөө жарыяланды. Бул тууралуу Репортер агенттигине облустук милициядан билдиришти.

“Шектүү ошол аймакты жакшы билгендиктен анын кайсыл жерде жүргөнүн аныктай алган эмеспиз. 3 айдан бери ага карта жүргүзүлүп жаткан издөө иштеринен майнап чыкпай, эл аралык издөөгө алынды”, — деди облустук милициянын өкүлү.

Белгилей кетсек,  Сергей Смирнов “Вепрь” үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен лагердеги жетекчинин орун басарын жана кызматкерди атып өлтүрүп, бир аялды барымтага алып качып кеткени 5-июлда кабарланган.  Кылмышкер бир күндөн кийин барымтага алынган аялды кое берген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>