Ленин райондук салык башкармалыгына жаңы жетекчи келди

Ленин райондук салык башкармалыгына жаңы жетекчи келди

Ленин райондук салык башкармалыгына жетекчи болуп Руслан Касымов дайындалды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Дайындоо жөнүндө буйрукка 10-мартта аталган кызматтын төрагасы Кабыл Абдалиев кол койду.

Буга чейин Касымов Биринчи май району боюнча салык органында жетекчи болгон.

Кечээ, 9-мартта Ленин райондук салык башкармалыгынын эки кызматкери пара алууга шектелип кармалгандыгы үчүн мурдагы жетеки жана эки  кызматкер жумуштан алынган.

Мекеме алардын жумуштан бошотулушун ишеничтен кеткендиги жана УКМК тарабынан пара талап кылуу фактысы боюнча кармалгандыгы менен байланыштырган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>