Лионель Месси “Алтын топту” алтынчы ирет жеңип алды — фото, видео

Лионель Месси “Алтын топту”  алтынчы ирет жеңип алды — фото, видео

Дүйшөмбү 2-декабрда  Париждеги Шатле театрында France Football уюштурган “Алтын топ” сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. 

Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Испаниялык «Барселона» жана Аргентина курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси жылдын мыкты футболчусу деп табылды.

Лионел Месси ушуну менен алтынчы ирет “Алтын топту” жеңүүдө. Буга чейин ал 2009, 2010, 2011, 2012 жана 2015-жылдары дүйнөнүн “мыкты оюнчусу” аталган.


Бул жылы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен экинчи орунга “Ливерпулдун” коргоочусу, нидерландиялык Виржил ван Дейк жайгашты. Ал эми үчүнчү тизмени  португалиялык Криштиану Роналду ээледи.

Белгилей кетсек, 2008-жылдан тарта Дүйнөлүк футбол уюмунун бул беделдүү сыйлыгын эки гана оюнчу — Криштиану Роналду менен Лионель Месси беш жолудан алып келген.

2018-жылы гана Хорватиялык футболчу, «Реал Мадрид» клубунун жарым коргоочусу Лука Модрич биринчи жолу «Алтын топ» сыйлыгына ээ болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>