Латвиянын укук коргоо органдары Зилалиевдин жубайына жана балдарына кылмыш-ишин козгоду

Латвиянын укук коргоо органдары Зилалиевдин жубайына жана балдарына кылмыш-ишин козгоду

Латвиянын укук коргоо органдары тарабынан мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин жубайына жана балдарына карата акчанын изин жашыруу фактысы боюнча кылмыш-иши козголду. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Маалымата айтылгандай, бул кылмыш-иши Латвия Каржылык чалгандоо кызматынан алынган маалыматтардын негизинде козголгон.

Рига шаарынын Интерпол Улуттук борбордук бюросунун маалыматына ылайык, Дүйшөнбек Зилалиевдин жубайы Латвиянын ири банктарынын биринде өзүнүн балдары үчүн банктык эсеп ачкан. Бул депозиттик эсептер Жамиля, Бектур жана Алима Зилалиевдердин наамына катталган.

Кийин, аталган банк эсептери аркылуу бир нече жолу ири өлчөмдөгү акча которуулар болгон.

Буга байланыштуу, Рига шаарынын Интерпол Улуттук борбордук бюросу Дүйшөнбек Зилалиев жанан анын жубайы тууралуу маалымат алуу үчүн кайрылган.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура “мыйзамсыз баюу” беренеси менен кылмыш-иши козголуп, тергөө иштери УКМК Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган. Азыркы убакта аталган кылмыш-ишти тергөө иштери аяктап, сотко жиберилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>