Маанилүү дарыларды өлкөгө мамлекеттик каттоосуз ташууга убактылуу уруксат берилди

Маанилүү дарыларды өлкөгө мамлекеттик каттоосуз ташууга убактылуу уруксат берилди

Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмесине кирген дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды өлкөгө убактылуу мамлекеттик каттоосуз ташууга уруксат берилди.

Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Бул чечим Кыргызстандын аймагында коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылуусуна жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү, калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо максатында кабыл алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>