Маданият министри: Турдакун Усубалиевдин ысымы Чүй облусундагы чогулардын бирине ыйгарылат

Маданият министри: Турдакун Усубалиевдин ысымы Чүй облусундагы чогулардын бирине ыйгарылат

Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов  мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү.

Президент Сооронбай Жээнбеков белгилүү коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилөө боюнча жарлыкка кол койгон.

Бүгүнкү күнү уюштуруу комитети тарабынан иш-чаралар планын ишке ашыруу иштери жүрүп жатат, ал бир катар инфратүзүмдөрдү жана социалдык объекттерди реконструкциялоо жана курууну камтыган 18 пункттан турат.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдиргендей, Турдакун Усубалиевдин элесин түбөлүккө сактоо максатында Чүй облусундагы чокулардын бирине анын ысымын ыйгаруу маселеси иштелип жатат.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата пландалган иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса көрсөттү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>