Малайзиядагы экс-элчи Кылычбек Султан Бекназаровдун талапкерлиги боюнча үн катты

Малайзиядагы экс-элчи Кылычбек Султан Бекназаровдун талапкерлиги боюнча үн катты

Кыргызстандын Түштүк Корея жана Малайзиядагы мурунку элчиси Кылычбек Султан Азимбек Бекназаровдун элчиликке көрсөтүлүшү боюнча Фейсбуктагы баракчасы аркылуу пикирин билдирди.

Ал элчилик кызматка саясий адамдардын дайындалышы да кадимки эле көрүнүш экенин айтып, бирок чиновниктин эл үчүн же  кайсы бир клан үчүн иштегени башкы маселе экенин белгилеп өткөн.

“Чын чынында, Элибизди ойлонтуучу эң негизги суроо – чиновник Эл үчүн, Мамлекет үчүн иштеп береби же жеке кызыкчылыгы үчүн, кандайдыр бир кландын кызыкчылыгы үчүн иштейби?
Мына ушул нерсе көңүл бурууга татыктуу эң башкы критерий”, — деген ал.

Мындан сырткары экс-элчи Бекназаровдун Малай тилин билбеши кадимки көрүнүш деп, бирок англис тилин билүү зарыл экендигин кошумчалаган.

17-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Азимбек Бекназаровдун Малайзияга элчиликке талапкерлигин жактырган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>