Малайзияга жана Бириккен Араб Эмираттарына элчилер дайындалды

Малайзияга жана Бириккен Араб Эмираттарына элчилер дайындалды

Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун Президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле президенттин дагы бир жарлыгына ылайык,  Абдилатиф Жумабаев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>