Мамашова: Оппозициялык фракциянын жүгүн көтөрүп кетүүгө аракет кылам

Мамашова: Оппозициялык фракциянын жүгүн көтөрүп кетүүгө аракет кылам

Айсулуу Мамашова “Ата-Мекен” фракциясына лидер болуп шайланышы боюнча өз пикирин билдирди.

Ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, оппозициялык фракциянын жүгүн көтөрүп кетүүгө аракет кыларын белгилеп өттү.

“Мен чынын айтсам күткөн эмесмин. Талапкерлерге добуш берүү эки жолу тең чыгуу менен аяктаагны үчүн фракциялаштарым мени көрсөтүштү.  А мен тамаша катары эле кабыл алдым. А бирок добуш берүүдө, баары мени бир добуштан колдогондо мен үчүн өзгөчө күтүүсүз болду. Азыр деле өзүмө келе элекмин. Мен чынында. Шыкмаматовдун партиядан кетиши барыбыз үчүн күтүүсүз болду. А менде Шыкмаматовдун ордун элеп калам деген ой  таптакыр болгон эмес”, — деди ал.

Белгилей кетсек, БШК Алмамбет Шыкмаматовдун өзү берген арызына ылайык, анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотту. Шыкмаматовдун партиянын катарынын чыгышына Өмүрбек Текебаев менен пикири келишпей калганы себеп болгон. 

Фракция лидерлигине Садык Шер Нияз менен Сайдулла Нышанов добуш берүүдө эки жолу тең чыкканы үчүн, фракция мүчөлөрү Айсулуу Мамашованын талапкерлигин көрсөтүшкөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>