Мамдепартамент Тажикстанга барууда сак болууга чакырды

Мамдепартамент Тажикстанга барууда сак болууга чакырды

АКШнын Мамлекеттик департаменти Тажикстанды туристтер үчүн кооптуу болгон мамлекеттердин тизмесине киргизип, өз жарандарын бул өлкөгө барууда өтө сак болууга чакырды.

Мамдепартаменттин мындай билдирүүсү 13-ноябрда, тажик-өзбек чек арасына жакын жердеги «Ишкобод» тозотуна жасалган куралдуу чабуулдан бир жума өткөндөн кийин жарыяланды.

Анда АКШ жарандарына ыктымал чабуулдардан сактануу үчүн адамдар көп топтолгон жерлерге барбоо жана коомдук транспорттор менен пайдаланбоо сунушталган.

«Террорчулар турак-жай кварталдарына, клуб, ресторандарга, мектептерге кол салышы мүмкүн. Бирок алардын мамлекеттик мекемелерди бутага алуу ыктымалдыгы жогору», — деп жазылган департаменттин эскертүүсүндө.

Тажик бийлигинин расмий маалыматына ылайык, 2018-жылы өлкөдө террордук жана экстремисттик кылмыштар 29 пайызга азайган. Бирок 6-ноябрдагы чек ара тозотуна кол салуу тынчсызданууларды жаратууда.

Буга чейин Улуу Британия Тажикстанда теракттар кайталанышы мүмкүндүгүн эскерткен.

Быйыл 10-ноябрда АКШнын Мамлекеттик департаменти «2018-жылдагы терроризм» аттуу жаңы баяндамасын жарыялаган. Анда өткөн жылы Тажикстанда болгон төрт террордук чабуул – Дангардагы чет өлкөлүк велотуристтерге кол салуу, эки токойчунун өлүмү, Орусиянын 201-аскер бөлүгүнүн аймагындагы жардыруу аракети жана Хожент түрмөсүндөгү кандуу козголоң жөнүндө да жазылган.​

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>