•  +(996) 557 67 66 40   
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАР

Мамкатоо кызматы 6 айдын жыйынтыгын чыгарды. Эмнелер жасалды?

Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан 6 ай ичинде 520 210 паспорт (e-ID карт, жалпы жарандык, дипоматиялык жана кызматтык паспорттор) даярдалган. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жарандар каттоо кызматынын portal.srs.kg порталынын онлайн кызматтарын 546 532 жолу колдонушкан. Эң көп кароо жол эрежесин бузуудагы айып пулду билүү жана транспорт каражатын текшерүү болгон.

Катоо кызматы ошондой эле биринчи жарым жылдыкта транспорт каражаттары үчүн 229 377 бирдик мамлекеттик номер белгилерин, ошондой эле 4807 “кооз” сандар комбинациясы менен номерлерди чыгарган.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *