•  +(996) 557 67 66 40   
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРСАЯСАТ

Мамкатоонун төрагасы Алмаз Мамбетов жана “Унаа” ишканасынын жетекчиси кызматтан алынды

Мамлекеттик каттоо кызматынын  төрагасы Алмаз Мамбетов жана “Унаа” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Алымжан Козубаев кызматтан алдынды.

Бул тууралуу өздүк булактар кабарлады. Маалыматка караганда, тийиштүү жарлыкка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев  кол койгон.

Азырынча Өкмөттүн басма сөз кызматы бул тууралуу расмий маалымат тарата элек.

Белгилей кетсек, январь айынын соңунда Коопсуздук кеңеши “Унаа” мамлекеттик мекемесинин директору Алымжан Козубаевди кызматтан алуу сунушун өкмөткө жиберген.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *