Мамкаттоонун башчысы интернетте тараган чуулгандуу автоунаа боюнча ИИМге арыз жазды

Мамкаттоонун башчысы интернетте тараган чуулгандуу автоунаа боюнча ИИМге арыз жазды

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов жасалма номур тагылган бир нече автоунаа боюнча ИИМге арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирүү таратты.

“6-декабрь күнү Алмаз Мамбетов өзү кайрылып, Жол кыйымылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мониторинг борборунун кызматкерин жоопко тартууну суранган. Арызда ал мониторинг борборунун кызматкерлери жасалма номер менен бара жаткан кишинин  сүрөтүн чыгарып, адамдын жеке маалыматын ЖМКларга таратып берген деп күнөөлөгөн. Бул факты боюнча ИИМдин тергөө кызматы Жазык кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине каттап, иш сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда адамдын жеке маалыматын жана жасалма номерлүү адам тууралуу маалымат таратып жибергендерди аныктоо иштери жүргүзүлүүдө”, — деп жазылат маалыматта.

Аталган унаа Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетовго таандык болушу мүмкүн деп, буга чейин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышкан. Алмаз Мамбетов бул маалыматтарды четке каккан.

Көп өтпөй аталган унааны Чүй облустук прокуратуранын кызматкери  делген Нурбек Болот аттуу адамга таандык экени айтылган.

Ал эми Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов, автоунаанын айдоочусу жөнөкөй жаран экенин билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>