Мамкомиссия: Кой-Таш окуясында Атамбаев өлкөдөгү саясий кырдаалды курчутуу аракет жасаган

Мамкомиссия: Кой-Таш окуясында Атамбаев өлкөдөгү саясий кырдаалды курчутуу аракет жасаган

Жогорку Кеңеште 2019-жылдын 7 жана 8-августунда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат угулууда. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү катышып жатат.

Мамкомиссиянын атынан баяндама жасаган депутат Тынчтык Шайназаров 2019-жылдын 7-8-августунда Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында болгон окуя боюнча бир топ адамдардан, бир катар укук коргоо органдары менен күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнөн түшүнүк алынганын, окуяга байланыштуу көптөгөн маалыматтар чогултулганын, окуя болгон айылдын тургундары менен жолугушуулар өткөрүлгөнүн белгиледи. Анын айтымында, комиссиянын ишине мамлекеттик органдардын тажрыйбалуу кызматкерлери, жарандык коомдун өкүлдөрү катышкан.

«Иликтөө жыйынтыгында мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары азыркы бийлик башындагылар үй-бүлөлүк бийликти куруп алды деген доомат коюу менен, калкка жаман көрсөтүп, өлкөдөгү саясий кырдаалды курчутуу аракетин жасаган деген жыйынтыкка келди. Ошондой эле, Атамбаевдин тарапташтары Бишкек шаарында митиг уюштуруп, баш-аламандык уюштурушкусу келген. Бирок, укук коргоо органдары түзүлгөн кырдаалды көзөмөлдөн чыгарбай, саясий кырдаалдын курчушуна жол берген жок», — деди ал.

Эске салсак, 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда УКМКнын бир кызматкери өлүп, бир топ укук коргоо органдарынын кызматкерлери жараат алган. Андан тышкары 136 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылган. Ошондон улам бул факты Кылмыштардын бирдиктүү тизмесине катталып, Кылмыш кодексинин бир катар беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>