Мамлекеттик туунун кабыл алынганына 28 жыл толду

Мамлекеттик туунун кабыл алынганына 28 жыл толду

Кыргызстандын Мамлекеттик туусу кабыл алынганына 28 жыл толду. Бул датага байланыштуу бүгүн Бишкетин борбордук аянтында жана  өлкөнүн баардык аймактарында туу күнү белгиленет.

Туу тууралуу мыйзам 1992-жылдын 3-мартында кабыл алынган. Алгач авторлор көк түстөгү тууну сунуш кылышкан. Бирок көпчүлүктүн колдоосу менен кызыл түстүү, ичинде түндүктүн сүрөтү түшкөн азыркы туу жактырылып, кабыл алган. Анын авторлору — Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков.

Авторлордун белгилешинче, туудагы кызыл түс эрдиктин жана тайманбастыктын символу. Жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк — үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт.

Мамлекеттик туунун ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы — бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>