“Манас» аэропортуна бараткан жолдо унаа бакты сүзүп, айдоочусу каза болду

“Манас» аэропортуна бараткан жолдо унаа бакты сүзүп, айдоочусу каза болду

“Манас» аэропортуна бараткан жолдо «Хундай» үлгүсүндөгү унаа бакты сүзүп, айдоочусу каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 28-январда саат 17.50 чамасында болгон.

Кырсык болгон соң 1954-жылы туулган айдоочу оруканага жеткирилип, бирок алган жараатынан улам каза болгон.

Аталган факт Кылмыштар менен жоруктарды бирдиктүү реестринде каттоого алынган, чогултулган материалдар Сокулук райндук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>