«Манас айылы» Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балансына өтөт

«Манас айылы» Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балансына өтөт

Бүгүн, 16-августта президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплекстин абалы менен таанышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Комплекске барганда, президент туура башкаруу жана каражаттарды тартууда «Манас айылы» Бишкек шаарынын маданий дөөлөтү боло алаарына ишенимин билдирди.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов «Манас айылын» жаңы форматта калыбына келтирүү боюнча кызматташууга жергиликтүү инвесторлор кызыгып жатканын билдирди.

Ал «Манас айылы» Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балансына өтсө, реконструкциянын варианттары каралып чыгарын белгиледи.

Өлкө башчы «Манас айылын» министрликтин балансына өткөрүү идеясын колдоду.

Комплексти куруу иштери 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоого карата башталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>