“Манас” эл аралык аэропортунда аба ырайына байланыштуу каттамдардын убактысы жылдырылды

“Манас” эл аралык аэропортунда аба ырайына байланыштуу каттамдардын убактысы жылдырылды

Бүгүн, 23-январда “Манас” эл аралык аэропортундагы бир катар аба каттамдардын убактысы жылдырылды. Бул тууралуу аэропорттон маалымдашты.

Маалыматка ылайык, аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу каттамдардын убактысы жылдырылууда. Анткени туман түнкү саат 03:00дөн баштап байкала баштаган. Учурда Москва-Бишкек-Москва багытындагы 2 рейстин убактысы жылдырылды. Мындан тышкары, Ташкент-Бишкек-Ташкент каттамы жана Ош-Бишкек багытындагы ички каттамдардын учуу убактысы жылдырылды.

Каттамдардын убактысын алдын ала тактап алууну өтүнөбүз. “Манас” аэропорту – 0(312) 693-0109 жана “Ош” аэропорту – 0(3222) 90101″, – деди басма сөз катчы.

“Манас” аэропорту бул ыңгайсыздык үчүн жүргүнчүлөрдөн кечирим сурайт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>