Марс Сариев: Текебаев АКШнын элчилигине барып келген соң позициясын кескин өзгөрттү

Марс Сариев: Текебаев АКШнын элчилигине барып келген соң позициясын кескин өзгөрттү

Текебаев батыштан колдоо таап, радикалдуу кадамдарга барууда. Мындай пикирди Reporter.kg`ге саясий серепчи Марс Сариев билдирди.

Ал учурдагы “Ата-Мекен” партиясынын айланасында болуп жаткан көрүнүштү төмөндөгүчө  чечмелеп берди.

“Текебаев абактан үй камагына чыккан соң анын позициясы бийликке түз эле болчу. Бирок жакында эле ал АКШнын Кыргызстандагы элчилигине барып келген соң позициясы кескин өзгөрдү. Андан соң Текебаевдин үй камагындагы мөөнөтүн 29-февралга чейин узартышты.

Дастан Бекешов да айтып атпайбы, “парламентте кызыктай көрүнүштөр орун алууда, мүмкүн парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатышат, же болбосо Конституцияны өзгөртүшөт” деп.  Мен «Ата-Мекендин» айланасындагы абалды ушуга байланыштырат элем. Текебаев дагы Жээнбековдун маалымат жыйынын кескин сындады. Себеи Бекешов айткандай жазында кезексиз шайлоо өтүшү мүмкүн. Ал эми Шыкмаматов жана партиядан чыгып кеткен 4 адам азыркы бийлик менен келишип алып, парламенттен орун алууну көздөшсө керек.

Эгер жазында шайлоо өтө турган болсо Текебаев ага катышуусу кыйын болот.   Ошону түшүнүп ал жазында шайлоонун өтүшүнө да, Конституциянын өзгөрүшүнө да каршы болууда. Эң башкысы Текебаев  батыштан колдоо таап, анан радикалдуу кадамдарга барып жатат”, — деди Сариев.

Белгилей кетсек, БШК Алмамбет Шыкмаматовдун өзү берген арызына ылайык, анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотту. Шыкмаматовдун партиянын катарынын чыгышына Өмүрбек Текебаев менен пикири келишпей калганы себеп болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>