Мас болуп унаа башкарган Оштун вице-мэрине 17 500 сом айыппул салынды

Мас болуп унаа башкарган Оштун вице-мэрине 17 500 сом айыппул салынды

Мас абалында автоунаа башкарган Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимовго 17 500 сом айыппул салынды. Маалыматты “Репортерге” шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров тастыктады.

Буга чейин интернетке “Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов” деген аталыш менен анын мас абалында унаа башкарып баратып, жол коопсуздук  кызматкерлерине кармалган видеосу жарыялаган. Тасмада ал ичип алганын моюнга алып, милиция кызматкерлеринен кетип калууну суранып жатаканын жана алар менен кер мур айтышып жатканын көрүүгө болот.

Кийин шаар башкармалыгынын басма сөз кызматы вице-мэр жол коопсуздугун караган милиция кызматкерлерине эч кандай каршылык көрсөтпөгөнүн айтып, Азимовдун үстүнөн кызматтык иликтөө жүрүп жатканын билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>