Масалиев төрага Жумабековду кызматтан чакыртып алууну сунуштады

Масалиев төрага Жумабековду кызматтан чакыртып алууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев парламенттин төрагасы Дастан Жумабековду кызматтан чакыртып алууну  сунуштаганын «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

“Төрага дастан жумабеков бул кызматка даяр эмес экен. Ал жаш, дагы да такшалат. Мен фракцияга аны кызматтан чакыртып алууну сунуштадым, ал талкууланып жатат. Колдоо табат деп үмүт кылам… Мен ушундай кадамга барышыбыз керек деп ойлойм. Жок дегенде бир нерсе кылалы», — деп жазган ал.

Белгилей кетсек, Дастан Жумабековдун жакында эле парламент жыйынында Германиянын шаарын туура эмес айтканы интернет колдонуучуларынын талкуусуна түштү.

Ага чейин ” кулакка тээп, лапшаны илип” деп көчө лексикону менен сүйлөгөнү, Нур-Султан шаарында Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин IV отурумунда орусча текст окуганы жана акын Зайырбек Ажыматовго таандык ырды өзүмдүн ырым деп журналисттерге окуп бергени кызуу талкууга алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>