Матраимов Саймаитини иликтеген депкомиссиядан чыгы кетти

Матраимов Саймаитини иликтеген депкомиссиядан чыгы кетти

Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин айланасындагы окуяларды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамынан Искендер Матраимов чыгып кетти.

 Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Биздин үй-бүлө тууралуу сөз болуп жаткандан кийин түзүлгөн комиссияга мүчө болуп кирүүдөн баш тартууну туура көрдүм. Коомчулук бүдөмүк суроолорго ачык-айкын жана бейтарап жооп алышы үчүн комиссия курамы дагы окуяга ысымдары аталбаган адамдардан түзүлүшү керек деп эсептейм. Эгерде комиссия курамына кире турган болсом, “өзүнүн кызыкчылыгын коргоп жатат”-деген түшүнбөстүк, шек саноолор сөзсүз болот деп ойлойм. Комиссиянын бейтараптуу чечим чыгаруусун камсыздоо максатында курамына кирбей турганымды расмий билдирем”, — деген ал.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов депкомиссиянын курамынан Искендер Матраимов чыгышы керек экенин айткан.

Белгилей кетсек, 21-ноябрда “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун сунушунан кийин Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.

Ага ар бир фракциядан депуттар кирген, жалпысынан анын курамында 12 депутат бар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>