Матраимовдордун үч медиага жазган арызы боюнча сот уланууда

Матраимовдордун үч медиага жазган арызы боюнча сот уланууда

20-январда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Азаттык» радиосуна, кабарчы Али Токтакуновго, «Kloop.kg» жана «24.kg» сайттарына каршы жазган доо арызы боюнча экинчи сот отуруму өтүүдө.

Анда иштин мазмуну боюнча соттук жараян башталат. 19-декабрдагы баштапкы жыйында доочулардын адвокаттарынын өтүнүчү менен видеого тартууга тыюу салынган.

Алгачкы соттук отурумда Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова Матраимовдун бажыдагы коррупциялык схемалары боюнча биргелешкен журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматтарды соттук процесс жүрүп жаткан маалда таратууга тыюу салуудан баш тарткан.

Белгилей кетсек, Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын 9-декабрда сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгон.

Анда аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>