MegaCom Кыргызстандын жалпы аймагы боюнча SIM-карталарды акысыз жеткирип берүү кызматын киргизди

MegaCom Кыргызстандын жалпы аймагы боюнча SIM-карталарды акысыз жеткирип берүү кызматын киргизди

Жарандарыбыздын ден соолугу, коопсуздугу мамлекет үчүн эң маанилүү болуп турган бул жагдайда MegaCom компаниясы өз абоненттерине кам көрүп келет. Уюлдук оператор «SIM-карталарды акысыз жеткирүү» жаңы кызматын ишке киргизди.Өзгөчө кырдаал учурунда абоненттер үчүн абдан ыңгайлуу кызмат болмокчу. SIM-карта каалагандардын баарына жеткирилип берилет.

SIM-карталарды жеткирип берүүнүн эрежелери:

  • Жеткирип берүү Кыргыз Республикасынын жалпы аймагында ишке ашырылат.
  • Бишкек жана Ош шаарлары боюнча табыштама иштелип чыккандан кийин 1-иш күнүнүн ичинде кардар үчүн ыңгайлуу болгон дарекке (иш күндөрү саат 9.00дөн 18.00гө чейин) жеткирилет.
  • Өлкөбүздүн башка калктуу конуштарына жеткирип берүү мөөнөтү алардын алыс же жакын аралыкта жайгашкандыгынан көз каранды.
  • Жеткирип берүү тапшырыкты кабыл алууда (тариздөөдө) көрсөтүлгөн дарек боюнча ишке ашырылат.
  • Бишкек жана Ош шаарлары боюнча 345 сом жана андан ашык суммадагы абоненттик төлөмү менен 30 күндүк #Суперыңгайлуу топтомдору кошулган SIM-карталар гана жеткиликтүү.
  • КРдин калган бардык аймактары (Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо) боюнча 280 сом жана андан ашык суммадагы абоненттик төлөмү менен 30 күндүк #Суперыңгайлуу топтомдору кошулган SIM-карталар гана жеткиликтүү.
  • Бишкек жана Ош шаарлары үчүн SIM-картаны жеткирип берүү учурунда балансты толуктоонун милдеттүү минималдуу суммасы 350 сомго же андан ашык суммага барабар. «Күмүш», «Алтын» же «Платина» категориясындагы номерлерди тандап алган абоненттер алардын наркын да кошумча төлөөсү зарыл.
  • КРдин башка аймактары үчүн (Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо) SIM-картаны жеткирип берүү учурунда балансты толуктоонун минималдуу суммасы 280 сомго же андан ашык суммага барабар. «Күмүш», «Алтын» же «Платина» категориясындагы номерлерди тандап алган абоненттер алардын наркын да кошумча төлөөсү зарыл.
  • Жеткирип берилүүчү SIM-карталардын саны бир дарекке бештен ашпоосу керек (маселен, эгерде бир үй-бүлө кошулуп жатса).

Бишкек жана Ош шаарларынын жашоочулары MegaCom расмий сайтыбызга жайгаштырылган атайын форманы толтуруу менен тапшырык кыла алышат, өлкөбүздүн башка аймактарынын жашоочулары 0558775555 номерине чалса болот. SIM-картаны тапшырык кылуунун мегаком абоненттери үчүн дагы бир артыкчылыгы-бул номерди тандоо мүмкүнчүлүгү.Компаниянын адистери Сиз менен байланышып, өзүңүзгө жаккан сандардан турган кооз номерди тандап беришет.

*Өкмөтүбүз тарабынан киргизилип жаткан чектөөлөргө (карантин) жана жеңе алгыс күч жагдайларына байланыштуу MegaCom компаниясы абоненттик номерди алуунун жана топтомдорду кошуунун альтернативдик варианттарын сунуштоого же SIM- карталарды жеткирип берүүдөн баш тартууга укуктуу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>