Милиция аялдардын укугу боюнча жүрүшкө чыккандарды айыппул төөлөгө милдеттендирди

Милиция аялдардын укугу боюнча жүрүшкө чыккандарды айыппул төөлөгө милдеттендирди

8-мартта Бишкекте Жеңиш аянтына митингге чыккан 11 адам милицияга жеткирилген. Алардын алтоо кыз-келиндер, бешөө эркек. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Кармалгандарга карата Свердлов райондук милициясы протокол түзүп, аларды айыппул төлөөгө милдеттендирди.

«Тартип бузуу жөнүндө кодекстин «Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө» беренесинин негизинде ушундай чара көрүлдү», — деп жазылат маалыматта.

Милиция «Феминалле» жана «8/365» коомдук уюмдарынын 8-марттагы митинги уруксатсыз уюштурулганын белгилөөдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>