Милиция мөмө жемиштердин арасына катылган ири өлчөмдөгү баңгизатты кармады

Милиция мөмө жемиштердин арасына катылган ири өлчөмдөгү баңгизатты кармады

Мөмө жемиштердин арасында катылып бараткан ири өлчөмдөгү баңгизат кармалды. Баткен облустук милициясынан билдиргендей,  жүк Орусияга андан ары Европага жөнөтүлмөкчү болгон.

Кадамжай райондук милицияга «Вольво» үлгүсүндөгү унаага мөмө-жемиштердин арасына баңги затын катып, Орусияга алып бараткандар тууралуу маалымат түшкөн. Райондук Милиция дароо ыкчам иликтөө иштерин баштаган. Айтылган  «Вольво» үлгүсүндөгү унаа Кара-Көл шаарынан токтотулуп, Кадамжай райондук милициясына алынып келинген.

Автоунаага тинтүү жүргүзүлгөңдө мөмө-жемиштердин арасынан 93даана брикет, салмагы 44кг. 300 грамм болгон баңги зат, тагыраагы героин табылган.

Жүктүн ээлери Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну экени аныкталып, ал жаранга издоо жарыяланды жана анын жүргөн жерин аныктоо үчүн тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>