Министр: Бүгүнкү күндө жардамга муктаж 50 миң жаран азык-түлүк менен камсыз болду

Министр: Бүгүнкү күндө жардамга муктаж 50 миң жаран азык-түлүк менен камсыз болду

Бүгүнкү күндө “Жардам штабы” республика боюнча 49 245 муктаж болгон жарандарды азык-түлүк менен камсыздады. Аталган штабга 210 779 кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров брифингде билдирди.

Анын айтымында, «1227» ыкчам байланыш номерине, WhatsApp аркылуу 0558 526001, «Народный штаб — Биз барбыз» Telegram-каналы, «Жардам берем» уюлдук тиркемеси, «Штаб помощи» Facebook баракчасы аркылуу кайрылган жарандарга азык-түлүктөрдү жеткиришүүдө.

Белгилей кетчү нерсе, колунда бар, жашоо шарты жакшы адамдар дагы жардам сураган учурлар болгон. Буга байланыштуу, гуманитардык жардамдарды чыныгы турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандарга берүү үчүн, чогултулган тизмелер жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен бирге текшерилет”, — деп кошумчалады министр.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>