Министрлик: 25-мартка карата коронавирустун жаңы учуру катталган жок

Министрлик: 25-мартка карата коронавирустун жаңы учуру катталган жок

Бүгүн, 25-март саат 9:00гө карата өлкөдө коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралууу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова  онлайн брифингде айтты.

Кечээ коронавируска каршы туруу боюнча түзүлгөн ыкчам штаб оорунун 26 жаӊы учуру катталганы тууралуу маалымат тараткан.

Республика боюнча өпкөнү сезгенткен COVID-19 вирусуна чалдыккандардын саны 42 адам. Ооругандардын арасында энесинен жуккан эмчектеги наристе жана 14 жаштагы өспүрүм бар. Калган бейтаптардын жашы – 16 жаштан 86 жашка чейин. Бир адам жандандыруу бөлүмүндө

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>