Министрлик: Италиядан келген кыргызстандыктардын анализдери таза чыкты

Министрлик: Италиядан келген кыргызстандыктардын анализдери таза чыкты

Италиядан келген кыргызстандык жарандардын анализдери таза чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, алар 25-февралда Италиядан келген соң  Бишкектеги жугуштуу илдеттер ооруканасына кайрылышкан. Анализдердин жыйынтыгы менен алардан коронавирус тастыкталган эмес.

Бүгүн парламент жыйынында депутат Жыргалбек Турускулов Италиядан келген эки жаранды дарыгерлер текшербей койгону тууралуу айтып чыккан.

Көп өтпөй вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бул боюнча кырдаалды дыкат иликтөөнү тапшырган.

Белгилей кетсек, Кыргызстан коронавируска байланыштуу Кытайдан сырткары Түштүк Корея, Жапония, Иран жана Италиядан келгендерди 14 күндүк карантинге алууну чечкен.

Кытайдын Ухан шаарынан башталган коронавирус кыска убакыттын ичинде  40ка чукул өлкөгө тарап, 90 миңге жакын адам вирусту жуктуруп, 3000ге жакын адам өмүр менен кош айтышты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>