Министрлик: Кыргызстанда 9 дарыгер коронавирус жуктуруп алды

Министрлик: Кыргызстанда 9 дарыгер коронавирус жуктуруп алды

Кыргызстанда 9 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

«Тилекке каршы, коронавирус жуктуруп алгандардын арасында медкызматкерлер дагы бар, кечээ алар 8 болчу бүгүн дагы бирөө кошулуп, тогузга жетти. Алардын баары коронавирус алып жүрүүчүлөр», — деди ал.

Бүгүн, 4-апрель саат 10:00гө карата өлкөдө СOVID-19 вирусуна чалдыккан 14 жаӊы учур катталды.

Жалпысынан республика боюнча бул ооруга чалдыккандардын жалпы саны 144 адамга жетти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>