•  +(996) 557 67 66 40   
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Министрлик: Кыргызстанда коронавирустун жайылышы токтоду деп айтуу азырынча эрте

Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 44. Алардын көпчүлүгү кичи ажылыктан келгендер. Бүгүн, 26-мартка карата вирусту жуктургандар катталган жок. Бирок Кыргызстанда коронавирустун жайылышы токтоду деп айтуу азырынча эрте экенин журналисттерге онлайн мааымат берип жатып,  коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтуусунда, чет жактан келгендердин саны азайды.

“Учурда эпидемияга каршы бардык аракеттер көрүлүп жатат. Өлкө аймагына өзгөчө абал киргизилди. Бир жерден экинчи жерге барууга тыюу салынды. Бирок инфекцияны жеңдик деп айтуу эрте. Ооруну жайылтпоо ар бир жарандан көз каранды. Үй карантинин сактап, биргеликте жеңүүгө аракет кылалы”, – деди Акматова.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *