Министрлик: Жапониядан келген кыргызстандыктан коронавирус жок экени аныкталды

Министрлик: Жапониядан келген кыргызстандыктан коронавирус жок экени аныкталды

Жапониядан Бишкекке келген кыргызстандык жигиттен алынган биринчи анализдин жыйынтыгы чыгып, анда коронавирус жок экени аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

“Ал келери менен обсервацияга жаткырылып, 14 күндүк карантинге алынган. Карантиндин 13-күнүндө дагы бир жолу анализ алынат”, — деп жазылат министрликтин маалыматында.

Белгилей кестек, сөз болуп жаткан кыргызстандык Жапонияда коронавирутан улам карантинге калынган Diamond Princess саякат кемесинде экипаж мүчөсү болгон. Ал бугүн, 9-мартта Бишкекке келген.

Ал коронавируска шектелип Токиодогу Аскердик госпиталда байкоого жаткырылган. Акыркы жолку текшерүү кыргызстандыктын ооруга кабылбагандыгын көрсөткөн.

Ага чейин анын ооруну жуктуруп алгандыгы айтылып жаткан.

Diamond Princess саякат кемеси  3700 адамы менен 3-февралда Жапониянын Иокогама портунда 14 күнгө карантинге алынган.

Министрликтен кошумчалашкандай, республикада коронавирустун чыккан учуру катталган жок, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>