Мирбек Айтикеевдин Швецияда экени айтылууда

Мирбек Айтикеевдин Швецияда экени айтылууда

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, журналист Мирбек Айтикеев үй-бүлөсү менен Швецияда экенин “Азаттык” жеке булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Басылманын маалыматына караганда, журналисттин  качан жана кандай жол менен өлкөдөн чыгып кеткени белгисиз.

Ички иштер министрлигинин өкүлү Айтикеевдин өлкөдөн чыгып кетиши боюнча маалымат расмий тактала электигин айтты.

Буга чейин бир катар басымалар Мирбек Айтикевдин жакындарына таянуу менен анын 10-октябрга чейин камалганын жазып чыгышкан.

Ал эми Ички иштер министрлиги бул маалыматты четке кагып, анын тергөөгө да чакырыла электигин билдирген.

Белгилей кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн  кармоо операциясы учурунда Мирбек Айтикеев окуя болгон жерде жүргөн. Ал болуп жаткан  кырдаалды социалдык тармак аркылуу байма-бай жарыялап турган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>