Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноду делген шектүүгө кыйноо болгон деп УКМК иш козгоду

Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноду делген шектүүгө кыйноо болгон деп УКМК иш козгоду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгы ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоногонго шектүү жаранга кыйноо фактысы колдонулган деп кылмыш ишин козгоду.

Бул туурадуу шекетүүнүн жактоочусу Назира Абдумуминова билдирди.

Анын айтымында бул факты “кыйноо” беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине  катталып, бирок эч кандай сотко чейинки тергөө аракттери көрүлө элек.

Белгилей кетсек,  Мирбек Атабековдун апасынын үйүнө ушул жылдын май айында ууру кирип 60 миң долларын жана алтын буюмдарын уурдап кетишкен.

Сентябрь айында бул ишке шектүү катары 24 жаштагы Б.М. Караколдон кармалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>