Митинг. Борбордук аянтка медициналык бригада келди

Митинг. Борбордук аянтка медициналык бригада келди

Бүгүн, 2-мартта «Ала-Тоо» аянтында абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдогон митингдин катышуучуларын күчтөп таратуу аракеттери башталып, ИИМдин өздүк курамы  Ак Үйдү курчоого алган.

Элди таратуу үчүн суу аткыч менен аткылап, көздөн жаш чыгаруучу каражаттар колдонулганын жеринде жүргөн «REPORTER.KG» маалымат агенттигинин кабарчысы билдирди.

Учурда Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык тез жардам бригадасы келген. Ал эми жабыркагандар тууралуу так маалымат айтыла элек.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>