Молдакун Абдылдаевдин аялы жана уулу табыла элек

Молдакун Абдылдаевдин аялы жана уулу табыла элек

Көкөмерен суусуна унаасы жана үй бүлөөсү менен түшүп кеткен Чүй облусунун аппарат башчысы маркум Молдакун Абдылдаевдин аялы жана уулу табыла элек. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүүдө.

Издөө иштерине көп күч керек экенин айтып, Абдылдаевдин кызы Индира коомчулуктан апасы менен инисин табууга жардам сурады.

“Баарыңыздардан жалынып жардам сурайым. Апам менен инимдин сөөгүн табууга жардам бериңиздер. Бизге ыктыярчылар, дрон жанан аны башкара алгандар керек”, — деп жазган Индира.

Айта кетсек Молдакун Абдылдаев 30-июнда Ат-Башыдан Суусамырга бараткан жолдо жол кырсыгына кабылып,  «Ниссан Террано» унаасы менен сууга кирип кеткен. Көкөмерен суусуна кулаган унаада жалпы 5 адам болгон. Унаа менен кошо сууга аккан үч адамдын, Молдакун Абдылдаев, айдоочу жана 8 жашар кызынын сөөгү табылып жерге берилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>