Молдакун Абдылдаевдин аялынын сөөгү табылды

Молдакун Абдылдаевдин аялынын сөөгү табылды

Көкөмерен суусуна үй-бүлөсү менен түшүп кеткен өкмөттүн  Чүйдөгү өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдин аялынын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маркумдун сөөгү 10-июлда болжол менен саат 17:20да Арал айылына 2 чакырым жакын жердеги Көкөмерен дарыясынан табылган. Ал эми 26 жаштагы уулунун сөөгү табыла элек.

Айта кетсек Молдакун Абдылдаев 30-июнда Ат-Башыдан Суусамырга бараткан жолдо жол кырсыгына кабылып,  “Ниссан Террано” унаасы менен сууга кирип кеткен. Көкөмерен суусуна кулаган унаада жалпы 5 адам болгон. Унаа менен кошо сууга аккан үч адамдын, Молдакун Абдылдаев, айдоочу жана 8 жашар кызынын сөөгү табылып жерге берилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>