Момбеков күч түзүмдөрүнүн айткандарына канааттанган жок — видео

Момбеков күч түзүмдөрүнүн айткандарына канааттанган жок — видео

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында укук коргоо органдарынын кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү аткарган иштери талкууланды. 

Депутат Рыскелди Момбеков 2017-жылы Нурис уулу Бакыт аттуу адамдын 22 кг алтын менен кармалып, бирок УКМКнын ошол кездеги төрагасынын орун басары Болот Сүйүмбаев тарабынан чыгып кеткенин сурады.

УКМКнын төрагасынын орун басары Талантбек Салиев бул маалыматты тастыктап, бул иш дагы эле Аскер прокуратурасында экенин билдирди.

Момбеков ошондой эле Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлү Султан Мамасадыковдон өлкөдөн чыккан накталай акчалар тууралуу, ИИМдин жетекчиси Кашкар Жунушалиевден кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү иштери тууралуу пикирлерин угуп, алардын жоопторуна канааттанган жок.

Күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн жоопторун видеодон көрүңүз.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>