Момбеков: Билим берүү министри тейлеген үч багыт болсо, анын үчөө тең өлдү

Момбеков: Билим берүү министри тейлеген үч багыт болсо, анын үчөө тең өлдү

Билим берүү министри тейлеген үч багыт болсо, анын үчөө тең өлдү десем аша чапкандык болбос. Бул бала бакчалар, орто мектептер, жогорку окуу жайлар. Бул тууралуу депутат Рыскелди Момбеков бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Билим берүү министринин кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлиги каралып жаткан учурда айтты.

Момбеков даректеп айтып, бүгүнкү күндө бала бакчалар жетишсиз, кезек күтмөй, пара алмай, бир бөлмөдө 40тан бала окуп жатат. Бул маселени кантип чечесиз? деген собол салды.

Каныбек Исаков бул маселени чечүү үчүн бала бакчалардын санын көбөйтүү менен биргеликте жеке менчик бала бакчаларга мүмкүнчүлүк түзүп берүү керектигин айтты.

Рыскелди Момбеков Советтер союзу мамлекеттердин ичинен Кыргызстанда орто мектептердин билим деңгээли эң артта экенин билдирип, жалпы республикалык тест өзүн өзү актадыбы? деди.

Исаков: «Системалуу түрдө билим берүүнүн топтомун иштеп чыгуу керек».

«Франциянын билим берүү министри окуучуларга мектепке уюлдук телефон көтөрүп баруусуна тыюу салды. Ал туура кылдыбы? Мисалы, соска менен чоңойгон бала менен, сотка менен чоңойгон баланын айырмасы кандай болот? Уюлдук телефон колдонгон бала, китеп окубайт да», — деди Момбеков.

Исаков: «Балдар сабак учурунда эч нерсеге алаксыбай, телефон колдонбошу керек. Бирок балдардын коопсуздугу үйүн ата-энелер балдары уюлдук телефон көтөрсүн деген талаптары бар. Биздин «коопсуз мектеп» деген программабыз ишке киргенден кийин окуучулар мектеп ичинде телефон колдонбошу керек деп ойлойм», деп жооп берди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>