Москвада каза болгон кыргызстандыктын сөөгү мекенине жеткирилди

Москвада каза болгон кыргызстандыктын сөөгү мекенине жеткирилди

Москва шаарында каза болгон 29 жаштагы кыргызстандык жарандын сөөгү мекенине жеткирилди.  Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы Элчилигинен билдиришти.

Маркум 1990-жылы туулган У.у.У аттуу жаран болгон. Анын өлүмү боюнча Орусиядагы элчилик тиешелүү органдар менен биргеликте иликтөө жүргүзүүдө. Тергөөнүн баштапкы  версиясы боюнча, ал күтүлбөгөн кырсыктан каза болгон. Ошентсе да так маалымат соттук-медициналык экспертизанын корутундусунансоң белгилүү болору айтылат.

Буга чейин “Москва» маалымат агенттиги укук коргоо органдарындагы булактарга шилтеме таянып маркумдун сөөгү 14-ноябрда Брестс көчөсүндөгү контейнерден табылганын билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>