Москвада кыргызстандык жигит бычакталып каза болду. Сөөгү 5 күндөн бери алынып келе элек

Москвада кыргызстандык жигит бычакталып каза болду. Сөөгү 5 күндөн бери алынып келе элек

Жаңы жыл түнү Москвада 25 жаштагы кыргызстандык жигит бычакталып каза болду. Маалыматты анын эжеси Айсалкын Кадырбаева билдирип, иниси Адилет Байсабаевдин сөөгүн мекенине алып келе албай жатышканын айтат.

“Иним 31-декабрда бычакталып каза болгон. Ал Москвада  таксист болуп иштеп, бир үй-бүлө менен бирге жашачу. Айрым маалыматтарга караганда ага ошол үйдөгү эркек бычак сайып анан балкондон ыргытып жиберген”, — деди маркумдун эжеси.

Ошондой эле ал инисинин сөөгүн алып келүүгө жардам бере алган адамдар болсо 0708 634464 номуру аркылуу байланышууну өтүнөт.

Ал эми Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маркумдун сөөгүн алып келүү кечеңдеп жатканын тергөө иштери менен байланыштырып, тийиштүү документтер даяр болсо эле сөөк үйүнө жөнөтүлөрүн билдирди.

[su_box title=»Маалымат үчүн!» box_color=»#5d2d80″]Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Консулдук департаменттин маалыматы боюнча 2019-жылы чет өлкөлөрдө каза болгон 319 кыргызстандык жарандын сөөгү өлкөгө алынып келинген. Булардын ичинен 231 кыргызстандык Орусияда жүрүп каза болгон.[/su_box]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>