Москвада мигранттар жапырт текшерилүүдө

Москвада мигранттар жапырт текшерилүүдө

Москвада  мигранттар жапырт текшерилүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги түшүндүрмө берди.

Элчилик тараткан билдирүүдө айтылгандай, Москванын укук коргоо органдары «Нелегал» рейдин жүргүзүүдө. Анын алкагында кыргызстандык таксисттер гана эмес, башка өлкөдөн келген бардык мигранттар текшерилип жатканы айтылат.

Элчилик ар бир Кыргызстандын жаранын миграциялык полициянын аймактык бөлүмдөрүнө каттоодон өтүү үчүн документтерди өз убагында тапшырууга чакырат.

Мыйзамсыз жүргөнү аныкталган мигранттарга чара көрүлүп, өлкөдөн чыгарылышы мүмкүн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>