Муфтий Максатбек ажынын машыккан видеосу тарады — видео

Муфтий Максатбек ажынын машыккан видеосу тарады — видео

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин JFC спорт комплексинде машыгып жаткан видеосу интернетке тарады.

Видеодо муфтий адегенде чуркап, андан кийин машыктыруучу менен бирге бокстун айрым ыкмаларын аткарып жатканын көрүүгө болот.

Учурда муфтийдин машыккан кыскача видеосу интернет колдонуучулары тарабынан жылуу кабыл алынып, анын дарегине көптөгөн пикирлер айтылууда.

Максатбек ажы Токтомушев буга чейин басылмаларга берген маегинде, бош убакыт болсо спорт залга барып, машыгарын айткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>