Муфтият: Жума намазга катышууга тыюу салуу туура эмес түшүнүк

Муфтият: Жума намазга катышууга тыюу салуу туура эмес түшүнүк

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы (Муфтят) Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин айткандарына жооп кайтарды.

Муфтияттын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө, шарият боюнча мечитке барууга тыюу салганга болбой тургандыгы айтылат.

“Жума намазга келүүгө тыюу салуу бул туура эмес жана таптакыр мүмкүн болбой турган нерсе. Бул күнү мечиттерге барбагыла дегенге шарият жол бербейт. Жума күн бул мусулмандардын күткөн күнү. Ал күнү жумага келбегиле деп эч кимге тыюу сала албайбыз. Жума намаз үйдө эмес, мечиттерде жамаат менен окулуучу намаз. Вирустун алдын алууга Ислам дини каршы эмес. Жакшылыкты Жараткан Алла Тааладан тилеп, ар бир инсан өзүнө сак болсо, өзүбүзгө жана мамлекетибизге жакшы”, — деп жазылат билдирүүдө.

Бүгүн Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Саламаттык сактоо министри коронавирус коркунучунан улам жарандардын жума намазга катышуусуна  чек коюу сунушун айткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>